Мырзаев Мырзахит- Мурас улуттук студенттер коому биринчи орунду алды
12 апреля 2012
Кыргыз Улуттук Университетинин жана Кеменгер студенттик клубунун демилгеси менен 9,10,11 апрель күндөрү, Бишкек шаарынын жогорку окуу жайларынын арасында «Алсызды күчтүү кылган билим, кичүүнү улуу кылган илим» — деген аталыштагы студенттердин интелектуалдык акыл таймашы болуп өттү. Бул мелдешке борборубуздагы жогорку окуу жайларынан жалпысынан ондон ашуу студенттик тайпалар (командалар) катышып, өз ара күч сынашышты. Алар төмөндөгү окуу жайлар: 1) КУУ 2) КТМУ (Манас) 3) УСТА (КГУСТА) 4) И.Арабаев атындагы КМУ 5) И.Разаков атындагы КТУ (Политех) 6) Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университети 7) КЭУ 8) БГУ 9) КММА (медициналык академия) 10) КРПаБА (АУПКР) Жогоруда аталган жогорку окуу жайларынан беш жогорку окуу жайы акыл таймашынын финалдык беттемине жолдомо алган болчу. Алар: КРПаБА (АУПКР), КУУ, КЭУ, КТМУ, И.Арабаев атындагы КМУ ![]() ![]() ![]() ![]() Алар төмөнкү студенттер: 1) Мырзаев Мырзахит ГМУ-1-11 2) Максаи у.Марлис ГМУ-1-11 3) Касмалиев Илимар ГМУ-1-11 4) Аспердиев Аманбек ГМУ-1-11 |