http://myrzahit.mypage.ru/#draft/14554918

Комментариев: 0

Мырзахит Мырзаев «ИЙГИЛИКТЕР АЛИ АЛДЫДА!»

Мырзахит Мырзаев «ИЙГИЛИКТЕР АЛИ АЛДЫДА!»
Окуу жайыбыздын жыйырма бир жылдык тарыхында алгач ирет студенттердин официалдуу гезити жарык көрүп олтурат. Мына ушул гезитибиздин негиздөөчүсү, жана башкы редактору Мырзаев Мырзахит биз менен пикир бөлүшүп маек куруп берди.
Туулган жылы – 5-июнь, 1994-жыл.
Уй булодо 2 уул, 2 кыз төрт бир туугандын эн кичуусу.
Он эки жашында колуна калем кармап ыр жазууну адат кылып ар түрдүү темаларда ырларды жаза баштаган.
16 жашында алгачкы ырлар жыйнагы болгон “Сыр Дүйнө” аттуу китеби жарык көргөн.
Бош убагында дүйнөлүк жана кыргыз адабияттарын окуганды жактырат. 
Жакшы пикир калтырган соңку маектеши – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы экс депутат Эгемберди Эрматов. Баарлашуу жөнүндө «мен ойлоп жүргөн көп нерселерге башка багыт көрсөтүп, бир топ баалуулуктарыма өзгөртүү киргизе алды» дейт.
"– 7-класстан баштап окуу менен биргеликте ыр жазуу менин “оорума” айланды.”
Биздин каармандын балалыгынын баёо күндөрү Кадамжай районуна караштуу Ынтымак айылында өтүптүр. Окуучулук күндөрү тууралуу Мырзахит төмөнкүчө баяндайт: “Атам үйрөтүп койгонбу, “4” алуу “2” менен барабар болчу”,- дейт. Андай учурларда күндөлүгүн ата-энесине көрсөткөндөн чочулачу. Анткени атасы жазалоо иретинде үй жумуштарын көбөйтүп коёр экен. 7-класстан баштап окуу менен биргеликте ыр жазуу менин “оорума” айланды. Көрсө табигат мага ошондой талантты тартуулаптыр. Азда болсо ал талантымда байкап билген ата-энем 8-классты бүтөөрүм менен Ош облустук Уркуя Салиева атындагы таланттуу балдардын лицей -мектеп интернатына алып келип тапшыртты, Кудай буйуруп экзаменден ийгиликтүү өтүп калдымда, аты аталаган лицейде англис тили багытында окуй баштадым дейт. Ушул мектепте окуп жүргөндө поэзияга болгон кызыгуусу өркүндөп, жазган ырлары гезит беттерине жарыялана баштаган. 10-11-класста окуп жүргөн мезгилинде география жана кыргыз тили предметтеринен шаардык облустук олимпиадаларга катышып, байгелүү орундарды камсыздап республикалык денгээлде да окуган лицейинин наамысын коргоп, байгелүү орундарды камсыз кылган. Аракеттенүүдөн жана көп окуудан чарчабаган каарманыбыз бүтүрүүчү классында окуган лицейинин Президенттигине шайланган, ошого удаа эле 11-классында эң алгачкы ырлар жыйнагы болгон “Сыр Дүйнө”-аттуу ыр китеби жарык көргөн. 
Мырзахит учурда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясында экинчи курстун студенти, акын, « Сыр дүйнө», «Он сегиз жаш» аттуу ыр жыйнактарынын автору, ЭлТР коомдук телерадио компаниясынын «Кутман таң» маалымат музыкалык программасында редакторлук кызматты аркалайт. 
“ ГЕЗИТ жөнүндө идея 1-курста эле жаралган”
Гезитти чыгаруу идеясы Мырзахитке 1-курска келгенде эле пайда болгон. Анткени, биздин академияда студенттерди ар кандай маалыматтар менен камсыз кылып турган студенттик гезит бүгүнкү күнгө чейин болгон эмес.Мындан ары биздин Академияны таанытып туруучу гезит пайда болду десек жаңылышпайбыз. 
Гезит чыгаруу идеясын жетекчиликке айтканда, жетекчилик дароо эле колго алып, гезиттин проектисин түзүүнү Мырзахитке тапшырган. Ал мезгил 2013-жылдын февраль айы болчу, ошол мезгилден бери гезиттин түйшүгү менен чуркап жүрүп, акыры көптөн күткөн мезгил да орундалып, мынакей гезит да жарык көрүп олтурат.
“ЖЕҢИШТИН ЭҢ ЖӨНӨКӨЙ СЫРЫ”
Сыртынан оңой көрүнгөнү менен, ийгиликтин артында канчалаган эмгек жана кызматкерлердин уйкусуз түндөрү жатат. Анын сыңарындай биз да бул гезиттин долбоорун түзүп аны ишке ашырганга чейин көптөгөн аракет жана кыйынчылыктарды көрдүк. Убакыттан пайдаланып Leader ИНФО гезитинин пайда болуусу үчүн көмөктөрүн жана кеп кеңештерин берген жалпы студенттерге жана Академиябыздын админстрациялык жамаатына терең ыраазычылык билдирем.
“АЛДЫДА БАГЫНТУУЧУ ЧОКУЛАР КӨП”
Кудай буйруса “АЛДЫДА БАГЫНТУУЧУ ЧОКУЛАР КӨП” Leader ИНФО да башка гезиттердей ММКлардын айдыңында өз ордун таап, шаардык, жада калса республикалык деңгээлге чейин көтөрүлүп, Академиябыздын аброюн мындан ары да өсө бериши жолунда өз кызматын кыла берет. 
“КЫЯЛЫМ – ЖОМОКТУ ИШКЕ АШЫРУУ” 
Менин келечектеги эң чоң максатым, кыргыз жерине америкалык кыялды орнотуу, элимдин турмушун жакшыртууга өз салымымды кошуп, ошондой эле жазган ырларым менен ”НОБЕЛЬ”- сыйлыгын багынтуу.
“Америкалык кыял” (англ. «аmerican dream») – АКШнын калкынын идеалдуу жашоосун чагылдырган түшүнүк. Бул сөз “менчик үй, жогорку маяналуу жумуш, кымбат баалуу машина, кадыр-барк” дегенди туюндурат. «Анын баарына адам өзүнүн күчү жана эмгеги менен жетишкен» деген түшүнүктү билдирет.

Комментариев: 0
Страницы: 1 2
купить просмотры
все 2 Мои друзья