Мырзаев Мырзахит: ДОС ЖАНА СҮЙҮҮ...

Сынын бузбас, кышта, күздө, жазында,
Сырдашканга, мыкты дос бар, багымда.
Жаным мага таарынбай тур, анткени,
Жароокерим, жакын досум жаныңда!..

Сагынычта өтсө менин ар күнүм,
Сенсиз жаным Бишкек деле бош бүгүн,
Жаркыраган асмандагы күн деле,
Жарык бербес, жарыгынча күлкүңүн!

Айла таппай, көр турмуштун айынан,
Ай ааламда артык көргөн жаныман.
Жетпей келгем, сырдаш доско, жаныма,
Жакын күндө силер көздөй камылам!

Аз күндөрдө барам жаным чыдап тур..,
Аруу достун, суусунан да чыгат нур.
Сырдаш досум, эх Ысык көл, жанымды
Сагындырбай саамайынан сылап тур!

Мээрим төгүп, жоктугумду билдирбей,
Мен барганча саамайынан сылап тур!..

Обсудить у себя 0
Комментарии (0)
Чтобы комментировать надо зарегистрироваться или если вы уже регистрировались войти в свой аккаунт.
купить просмотры
все 2 Мои друзья