Мырзахит Мырзаев, "Лидер Инфо" гезитинин координатору жана башкы редактору: "Маршруттук таксичилердин тапкан акчасы министр, депутаттардын айлыгынан да көбүрөөк"

Маршруттук таксилерге болгон баа, жакынкы жылдары эч кандай өзгөрүүсүз калышы керек. Анткени, карапайым элдин социалдык абалы муну азырынча көтөрө албайт. Экинчиден, маршруттук таксилердин тапкан акчасы кудайга шүгүр эле. Алар тапкан акча менен, үй-бүлөнү багуу толук түрдө мүмкүн. Алардын тапкан акчасы кээ бир депутат, министрлердин айлык акысынан да көбүрөөк. Менин жеке көз карашымда, айдоочуларды кечээки кылган митингдери жана, иш таштоолору эч кандай жүйөөсүз!

Мисал катары төмөндөгү эсептерди карап көрүңүздөр.

Маршруттук таксилердеги орундуктардын орточо саны:

Орто эсеп менен 14 орундук болот.

Күнүмдүк тапкан акчасы:

14 орундук маршруттун, ал чекиттен, бул чекитке бир жолку барып келүүсүнөн 280 сом акча табат.

Бир күндө орто эсеп менен 6 рейс каттаса, күнүмдүк тапкан акчасы 1 миң 640 сом акча болот.

Бир айда тапкан жалпы акчасы:

Ошондо күнүнө 1 миң 640 сомдон акча тапканда, 30 күндө тапкан жалпы акчасынын суммасы 50 миң 400 сом акча болот.

Күйүүчү майга кеткен каражат:

Эгерде, күнүнө орто эсеп менен маршруттук такси 150 км жүрсө, 100 километрге 10 литр май коротсо, 150 кмга 15 литр май коротот. Ошондо бир литр солярканын баасы 44 сом 80 тыйын болсо, бир күндө 672 cом коротот.

Бир күндө 672 сомдук май коротсо, бир айына 20 миң 160 сомдук күйүүчү май коротот.

Ошондо бир айда тапкан 50 миң 400 сом акчасынын, 20 миң 160 сомун күйүүчү майга коросо, бир айлык таза кирешеси 30 миң 240 сом акча болот.

Корутунду:

Эми карап көрүңүздөр, бул көрсөткүч маршруттук таксилерди жалаң гана орундуктарга гана, адам алып ташыган учурунун эле суммасы. Бирок, өзүңүздөр билгендей маршруттук таксилерде отуруп кеткен адамга караганда, туруп кеткен жүргүнчүлөр көп, анан да маршрут бир чекиттен, экинчи чекитке жеткичейин жок дегенде 4-5 жолудан жургүнчүлөр алмашып турат. Ошондо, бул айдоочулардын бир айда тапкан акчасы жок эле дегенде 50 миң сом,60 миң сомдон ашат.

Кыргызстандагы орточо айлык акысы 15 миң сом, пенсия жана жөлөк акчалар орто эсеп менен 6 миң, 7 миң сом болуп жаткан учурда, айына тапкан 50 миң, 60 миң деген акчаларына канаатанбай, анан кантип беттери кызарбай, жол кирени 10 сомдон 15 сомго көтөргүлө деп, талап коюп жатышат?

Кыргызда «уялбагандан өзүң уял» дегендери ушул окшойт… Шаардык бийлик жол акынын кымбаттоосуна эч кандай жол бербөөсү керек!

Мырзахит Мырзаев, «Лидер Инфо» гезитинин координатору жана башкы редактору

inter.kg/sobytiya-dnya/6530-marshruttuk-taksichilerdin-tapkan-akchasy-ministr-deputattardyn-aylygynan-da-k1257b1199r12571257k.html

Обсудить у себя 0
Комментарии (0)
Чтобы комментировать надо зарегистрироваться или если вы уже регистрировались войти в свой аккаунт.
купить просмотры
все 2 Мои друзья